Португалияда шаркырап аккан кызыл шараптын видеолору социалдык баракчаларга тарап, коомчулуктун назарына илинди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
10-сентябрь күнү Анадия шаарындагы Дестилариа Левира заводунда эки шарап резервуары жарылып, 2 миллиондон ашык литр шарап агып кеткен. Компания келтирилген бардык чыгымды, жоопкерчиликти өзүнө алган жана тазалоо үчүн жабдууларды жана жумушчуларды жиберген. Ошондой эле тургундардын жоголгон буюмдарынын сүрөттөрүн жана видеолорун жөнөтүүгө үндөгөн. Азырынча кырсыктын себептери белгисиз. Жабырлануучулар жок.
Интернет колдонуучулар бул окуяга тамаша иретинде бир бокал шарап менен ачык асман алдында түшкү тамактанууну сунушташты.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...