Президент Лукашенко айлыгынын аздыгына нааразы болду (видео)

Беларустун президенти Александр Лукашенко анын айлыгы 5 жылдан бери көтөрүлбөй жатканына тамашалап нааразы болгонун жазып чыгышты. 

Бейшембиде ал президенттик аппаратындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. «Эмне үчүн айлыгымды көтөрбөй жатасыңар?» — деп сурады ал президенттин иш башкармалыгынын аткаруучу бухгалтерине.

Андан соң, чогулгандарды карап, «5 жылдан бери айлыгымды көтөрбөй жатат»,— деди.