Президент өзү чөп чапты. Ал «бул ишти акыркы жолу жасап жатам» деди

Кечээ, 29-июнда Серб Республикасынын президенти Милорад Додиктин жол жээгиндеги чөптү чаап жаткан видеосу тарады.

«Мен жергиликтүү бийликке бул аймак таза болушун эскерткен болчумун. Бирок алар эс алып жатышканы үчүн өзүм чөптү чабайын дедим. Бул менин алардын ишин акыркы жолу жасап жатканым болот», — деген ал.

Анын жанынан өткөн машиналар токтоп, президентке колдоо билдиришкен.