Орусиянын президентинин коронавируска каршы эмделгенден кийинки абалы айтылды

Россиянын президенти Владимир Путинге коронавируска каршы эмдөө ийгиликтүү жүргүзүлгөнүн, абалы жакшы экенин катчысы Дмитрий Песков жарыялады.

«Ал өзүн жакшы сезип жатат»,- деди Песков.

Владимир Путин 23-мартта коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөн.

Путин орусиялык үч вакцинанын бири менен эмделген. Кремль президентке эмдөө үчүн кайсы дары колдонулуп жатканын ачыкка чыгарган жок.

«Үчөөнүн бири. Кайсынысы экенин так айтпайбыз. Үч вакцина тең ишенимдүү»,— деген Песков.

Президентти эмдөө учурунда сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынган.