Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнү коргоо үчүн абактардан айрым камалган жарандар бошотулганын билдирди. Бул тууралуу «Эхо Москвы» жазды.
«Бул моралдык жактан кыйын чечим болду. Аскердик абалга ылайык, согуштук аракеттердин катышуучулары, чыныгы согуштук тажрыйбасы бар украиндер камактан бошотулуп, күнөөсүн жууй алышат. Алардан бардык санкциялар алып салынат. Негизгиси азыр коргонуу», — деп айтылат маалыматта.