«Президенттин резиденциясына бастырып киришти». Бразилияда массалык башаламандык болуп жатат (видео)

Бразилияда президенттик шайлоого байланыштуу массалык башаламандык орун алды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. 

Кечээ, 8-январда мурдагы мамлекет башчысы Жаир Болсонарунун миңдеген тарапташтары Улуттук Конгресске, Федералдык Жогорку Сотко кирип, азыркы лидердин резиденциясын курчоого алышты. Учурдагы президент Лула да Силва өзү ал учурда Сан-Паулу штатында иш сапарында болгон. Президент айдын аягына чейин өлкөнүн борборунда өзгөчө кырдаал жарыялады. 400дөн ашык киши кармалган.

Бразилиянын баш калаасында демонстранттар өлкө президентинин резиденциясын – Планалто сарайын басып алышты. Лула да Силва коопсуз аймакка жеткирилди.