Пригожин: «Бул аскердик төңкөрүш эмес, бул адилеттүүлүктүн жөө жүрүшү»

Кечээ, 23-июнда ЧВК «Вагнер» компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министрлигине каршы багытталган орусиялык ЧВК «Вагнер» менчик куралдуу түзүмдүн аракеттери аскердик төңкөрүш эместигин айтты.

«Бул аскердик төңкөрүш эмес. Бул адилеттүүлүктүн жөө жүрүшү. Биздин аракеттер аскерлерге эч кандай тоскоолдук кылбайт», — деди ал.

Пригожин анын кол алдындагылар өлкөнүн аскердик жетекчилиги жасап жаткан зулумдукту токтоторун айткан жана ал каршылык көрсөтүүгө аракет кылгандарды жок кыларын убадалаган.