ЧВК «Вагнер» компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин бүгүн, 24-июнга караган түнү анын колоннасы Ростов-на-Дону аймагына киргенин билдирди. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек.
Соцтармактарга тараган фото жана видеолорго ылайык, шаарда танктар жана куралдуу адамдар жүрөт. Бирок техниканын «Вагнер» менчик куралдуу түзүмүнө же Орусиянын куралдуу күчтөрүнө таандык экендиги белгисиз.
Ростов облусунун губернатору Василий Голубев тургундарды шаардын борборуна барбай турууну жана мүмкүн болсо, үйдөн чыкпай турууну өтүндү. «Укук коргоо органдары облустун тургундарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык керектүү чараларды көрүп жатат», — деди ал. Облус башчысы аймакта ЧВК «Вагнер» бастырып киргендиги тууралуу маалыматты тастыктаган да, ырастаган да жок.
Бул аралыкта Евгений Пригожиндин Ростов-на-Дону аймагындагы аскердик объекттер көзөмөлдө экенин билдирген видео тарады.
Абай районунун Бестерек айылында Тойота айдап, өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен жаран адамдарды тааныбай жатканын Tengrinews.kz Жетинчи каналга шилтеме берүү менен билдирди....
Кечээ, 19-августта Казакстандын Абай облусунун Үржар районундагы Бестерек айылында Тойота үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу балдарды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. ...