Пригожиндин сөөгүн өлүкканадан манжасынан таанышканы айтылды

ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин сөөгү башка өлүктөрдүн арасынан таанылганын «Фонтанка» өз булагына таянып жазды. Белгиленгендей, каза болгондордун денелери табигый кырсыктан кийин катуу жабыркагандыктан аларды таанууга мүмкүн эмес болгон. 

Азыр Евгений Пригожиндин каза болгону айтылууда. Так жыйынтык экспертизадан кийин чыгарылат.

Маалымат каражаттары, анын сөөгү өлүкканада ЧВК «Вагнердин» командирлеринин бири тарабынан таанылганын жазышты. Аны мурда кесилген манжасынан таанышкан.

23-августта Орусиянын Тверь облусунда ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин Embraer ERG 135 үлгүсүндөгү бизнес-жет учагы кырсыкка учураган. Орусиялык бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, бортто 10 адам болгон жана баары каза болгон. Бортто каза болгон 10 адамдын сөөгү табылганы маалымдалды. Бирок алардын баары күйүп кеткен жана сөөктүн кимге таандык экендигин аныктоо үчүн ДНК-экспертиза жүргүзүү талап кылынат.