Кечээ, 23-июнда ЧВК «Вагнер» компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин орусиялык аскерлер «Вагнердин» арткы лагерине сокку урду, анын жыйынтыгында көптөгөн жалданма аскерлер каза болду» деп, буга ал орус армиясынын жетекчилигин айыптаган.
Өз учурунда Орусиянын Коргоо министрлиги анын билдирүүсүн «маалыматтык чагымчылдык» атап, сөзүн калпка чыгарды. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, орусиялык аскерлер Украинанын куралдуу күчтөрү менен кармашуу линиясында атайын аскердик операциянын аймагында күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну улантууда.