Түштүк Кореянын Пусан аэропортунда учак күйүп кетти. Кечээ, 28-январда Пусандагы Гимхэ аэродромунда Гонконгду көздөй бара жаткан Air Busan’дын учагынын бортунда өрт чыкканын Yonhap News жазды.
Өрт учууга даярданып жаткан лайнердин куйрук бөлүгүндө болгон. Бардык 169 жүргүнчү жана Airbus A231 экипаж мүчөлөрү эвакуациялоого үлгүрүштү. Болжолдуу маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.