Путин Алиевге телефон чалып, Казактанда кулаган Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагынын кыйрашына байланыштуу кечирим сураганын Кремль билдирди.
Сүйлөшүүдө Орусиянын президенти Владимир Путин учак Грозныйга бир нече жолу конууга аракет кылганын, бирок бул учурда Украинанын куралдуу күчтөрү Чеченстандын борборуна, Моздокко жана Владикавказга учкучсуз учактар менен чабуул жасап, ага Орусиянын абадан коргонуу системалары жооп бергенин айткан.
Путин каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Орусиянын Тергөө комитетинин жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери азербайжандык кесиптештери менен биргеликте кырсыктын чоо-жайын иликтөөдө. Грозныйда Азербайжандын прокуратурасынын эки кызматкери бар.
Кошумчалай кетсек, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарында Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак кулаган. Azerbaijan Airlines авиа компаниясынын Embraer 190 учагында 67 адам болгон. Анын бешөө борт кызматкери, калган 62си жүргөнчүлөр болгон. Алардын 38и каза таап, 29у аман калган. Жүргүнчүлөрдүн арасында 3 кыргызстандык бар эле. Учурда алардын экөөнүн абалы жакшы, бирөөнүн абалы оор.