Орусиянын президенти Владимир Путин аскердик кызматын өтөө тууралуу келишимге кол койгон чет өлкөлүктөргө орусиялык жарандыкты жөнөкөй шартта бере турган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу оруссиялык ЖМКлар жазышты.
Аскердик кызматын өтөө тууралуу келишимге кол койгон чет өлкөлүктөр жашап турууга уруксаты жок жана Орусияда 5 жыл бою такай жашабай туруп деле жарандык алуу тууралуу арыз менен кайрыла алышат.
21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.