Путин иш сапары менен Тажикстанга барбайт. Ал обочолонууга мажбур

Орусиянын президенти Владимир Путин обочолонууга мажбур. Ал бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүп жатып билдирди. Буга анын айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталганы себеп болгон.

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жумада Тажикстанда ЖККУ жана ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин лидерлеринин бир нече жыйыны өтөт. Путин ал жыйындарга видео-конференция режиминде катышат. 16-сентябрь күнү өтө турган ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да барары маалымдалган.