Путин коңшу өлкөлөрдү Орусия менен мамилени начарлатпоого чакырды (видео)

Орусиянын президенти Владимир Путин коңшу өлкөлөрдү Орусия менен мамилени курчутпоого жана начарлатпоого чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы 4-мартта билдирди. 

«Мен дагы бир жолу баса белгилегим келет, биздин коңшуларыбызга карата эч кандай жаман ниетибиз жок. Анан да мен аларга кырдаалды курчутпоого, эч кандай чектөө киргизбөөгө кеңеш берет элем. Биз бардык милдеттенмелерди аткарып келгенбиз жана мындан ары да аткарабыз. Кырдаалды курчутуунун, мамилебизди начарлатуунун кереги жок», — деди Путин.