Путин менен Лукашенко лыжа тээп жарышышты

Орусия жана Беларусиянын президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенконун лыжа тээп жарышышкан видеосу интернет айдыңдарында кызуу талкууга алынып, миллиондогон көрүүлөрдү топтоду.

Алгач видео Орусиянын мамлекеттик каналдарында көрсөтүлгөн. Анда Лукашенко алдыга чыгып, биринчи келген. Бирок кайра түшүп келе жатканда Путин алдыга озуп кеткенин көрүүгө болот.

Ошондой эле лыжа тебүү учурунда мамлекет башчылар, алар эс алып жүргөн Красная Поляна аттуу лыжа тебүүчү жайдагы эс алуучуларга кол булгалап учурашып өтүшкөн.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн ажолору расмий жолугушууларынан кийин ушундай эс алууну өткөрүшкөн.