Путин: «Мигранттар Орусиянын мыйзамдарын сактоого, тилин билүүгө милдеттүү»

«Мигранттар Орусиянын мыйзамдарын сактоого, тилин билүүгө жана жергиликтүү салттарды сыйлоого милдеттүү. Орусия мигранттардын укугун камсыз кылышы керек, бирок орусиялыктардын кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керек». Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди.

Путиндин айтымында, мигранттардын балдары билим алышы зарыл, бирок бул жагдай орусиялык балдар үчүн мектептердеги шарттардын начарланышына алып келбеши кажет.