Путин параддан кийин 5 лидерди дасторконго чакырган. Лукашенконун катышпаган себеби айтылды

Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 9-майда параддан кийин беш өлкөнүн лидерин дасторкон үстүндө кабыл алган. 

Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ардактуу конок катары катышты. Жапаров менен Лукашенко дасторкон үстүндөгү кабыл алууда болгон эмес.

Кыргызстандын президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев анын себебин түшүндүргөн.«Садыр Жапаров 8-майда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери үчүн бейформал кечки тамактанууга катышкан. Кийинки күнү, 9-майда парад аяктаган соң кыргыз делегациясы расмий сапардын алкагындагы иш-чарага – Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен сүйлөшүүлөргө барды», — деген ал. 

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Беларустун президенти Александр Лукашенконун 9-майда Жеңиш парады аяктагандан кийин Кремлдеги бейформал жолугушууга келбей калган себебин түшүндүрдү. Песковдун айтымында, өлкө башчысынын келбей калышы анын Минсктеги майрамдык иш-чараларга кетүүгө муктаждыгына байланыштуу болгон. «Сиздер анын Минскиде Жеңиш күнүнө байланыштуу иш-чаралары болгонун билесиздер, ошондуктан ал мүмкүн болушунча тез кетүүгө аргасыз болду», — деди ал.