Путин Пхеньянга барды. Аны кандай тосуп алышты?

Бүгүн, 19-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен Түндүк Кореянын Пхеньян шаарына барды. Аны аэропорттон аталган өлкөнүн башчысы Ким Чен Ын өзү тосуп алды. Бул сапар эки күнгө созулат.

Владимир Путин Түндүк Кореяга буга чейин бир жолу, тагыраагы 2000-жылы барган. Анда өлкөнү Ким Чен Ир башкарып турган. Ал эми Ким Чен Ын расмий түрдө Орусияга акыркы жолу 2023-жылдын күзүндө барган.