Путин Пригожинди акыркы сапарга узатуу зыйнатына барбайт

ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожинди акыркы сапарга узатуу зыйнатына Орусиянын президенти Владимир Путиндин катышуусу каралган эмес. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Президенттин катышуусу каралган эмес. Тактап айтканда, акыркы сапарга узатуу боюнча бизде маалымат жок, анткени бул маселе боюнча чечимди туугандары, достору кабыл алат. Бул жерде аларсыз эч нерсе айта албайбыз”, — деди Песков.

23-августта Орусиянын Тверь облусунда ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин Embraer ERG 135 үлгүсүндөгү бизнес-жет учагы кырсыкка учураган. Орусиялык бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, бортто 10 адам болгон жана баары каза болгон.