Путин Пригожиндин козголоңунан кийин биринчи жолу кайрылуу жасады. Эмне деди?

8466512 24.06.2023 24 июня 2023. Президент РФ Владимир Путин во время обращения к гражданам России. Гавриил Григоров / РИА Новости

Кечээ, 26-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин козголоңунан кийин биринчи жолу кайрылуу жасады. Ал бул окуянын өлкөгө душман болгондордун чырагына май тамызганын айтып, бирок кайрылууда бир да жолу Евгений Пригожиндин ысымын атаган жок.

Орусиянын президенти ЧВК «Вагнердин» жалданма аскерлерине Коргоо министрлиги менен болгон келишимге кол коюуну, туугандарына кайтууга же Беларуска кетүүнү сунуштады. «Мен берген убада аткарылат. Тандоо ар бириңерде», — деди Путин.

Ал кайрылууда козголоңчулар мекенин, элин сатканын айтып, куралдуу көтөрүлүш баары бир токтотулмак деди.