Путин Рахмонду Москвага Жеңиш күнүнө карата иш-чарага катышууга чакырды

Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду Москвага Жеңиш күнүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышууга чакырды.

Тажик президентинин сайтында маалымдалгандай, Путин телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда өзүнүн чакыруусун билдирген. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелер, анын ичинде тажик-ооган чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.

Ошол эле учурда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвада болот.