Путинден талап: «Азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшүн бир аптада чечкиле!»

Орусиянын президенти Владимир Путин бир аптанын ичинде азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшүн токтотууну талап кылды. Өлкө башчысы бул талапты айтып жатып, Экономикалык өнүктүрүү министрин сындады.

“Экспортчулар жана өндүрүшчүлөр менен иштедик деген жомогуңарды мага айтып отурасыңар. Бир аптада чечкиле! Бардык макулдашууларды эртең же бүрсүгүнү толугу менен бүтүргүлө. Кийинки аптанын башталышына тийиштүү чечимдерди документ иретинде чыгаргыла. Баанын жогорулашын токтотпосоңор, андан ары өсө берет”, — деди Путин.

Орусияда эң көп өсүмдүк майы кымбаттаган, тагыраагы ага болгон баа 24 пайызга өскөн. Макарон азыктары 10 пайызга, ал эми нан азыктары 6 пайызга асмандаган.