Орусиянын президенти Владимир Путиндин ден соолугу начарлап жаткандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров билдирди.
«Президент Владимир Владимирович Путин күн сайын эл алдына чыгат. Аны экрандардан көрүп, анын сүйлөгөн сөздөрүн окуп, уга аласыз. Менимче, акыл-эси соо адамдар бул адамдан кандайдыр бир оорунун белгилерин көрө албайт. Мен муну мындай ушактарды тараткандардын абийирине койдум», — деди министр.