«Путиндин жеке катын тапшырды». Орусиянын коргоо министри Ким Чен Ын менен жолукту

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Пхеньянда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушту. Тараптар коопсуздук маселелерин талкуулашты. Коргоо министрлигинин башчысы Түндүк Кореянын лидерине Орусиянын президенти Владимир Путиндин жеке кайрылуусу жазылган катты бергенин Түндүк Кореянын «Корей үнү» радиостанциясы билдирди.

Маалыматка караганда, Ким Чен Ын Сергей Шойгуга Эмгек партиясынын VIII съездинде коюлган коргонууну өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына ылайык иштелип чыккан курал-жарак жана аскердик техника менен тааныштырган.