Путиндин күнү Рахмонго түшүп калдыбы? Соцтармакта талкууга түшкөн эки башка мезгилдеги сүрөттөр

Кечээ, 9-майда Москва шаарында Жеңиш парады болуп өттү. Анда Орусиянын президенти Владимир Путин парадды көрүүгө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен келген. Ошол эле учурда соцтармактын колдонуучулары 2005-жылдагы Жеңиш параддан тартылган сүрөт менен кечээги окуяны салыштырып жатышат. 2005-жылы өткөн парадга 50дөн ашуун өлкөнүн башчысы келген.

«Баары башында кандай жакшы башталган эле», «16 жыл ичиндеги аңга түшүүнү чагылдырган мыкты сүрөттөр», «Путиндин күнү Рахмонго түшүп калдыбы?» жана башка ушул сыяктуу пикирлер жарыланууда. Ал эми кыргыз сегментинде «Ырас эле Садыр Жапаров барбай коюптур. Путин жана Рахмон менен ээрчишип жүрмөк экен» деп жазышты.


Буга чейин быйылкы жылы өткөн парад юбилейлик дата болбогонуна жана пандемияга байланыштуу Москвага бир да президент чакырылбаганы айтылган. Эмомали Рахмондун барышы боюнча ал сапар 1 ай мурда эле макулдашылганы маалымдалган.