Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 24-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Путин даяр. Биз белги берилишин күтүп жатабыз. Баары даяр. Бул жерде кофенин чамасына карап бир нерсе айтыш кыйын. Эгер кандайдыр бир маалымат болсо бөлүшөбүз», — деди Песков.