Казакстан Астанадан Екатеринбургга каттамдарын убактылуу токтотту

Qazaq Air Астанадан Екатеринбургга каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Авиакомпания муну жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо деп түшүндүрдү. Ошол эле учурда Qazaq Air Орусиянын Омск жана Новосибирск каттамдарына учуп жатат.