Рахмон Путинге: «Бизге сый мамиле кылышыңарды каалайбыз. Биз жакыр өлкө эмеспиз!»

«Ооба, бизде аз калк жашайт. Бирок биздин өз тарыхыбыз, маданиятыбыз бар. Бизге сый мамиле кылышыңарды каалайбыз». Мындай билдирүү менен кечээ, 14-октябрда Астанада Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып айтты. Ал муну менен борбор азиялык өлкөлөргө СССР кездегидей мамиле жасабашын билдирди.

Рахмондун айтымында, Душанбеде Москванын кызыкчылыктарын дайыма сыйлап келишкен жана буга карата жооп иретинде ушундай сый мамиле болушун каалайт.

«Сиз кечээ Орусияда 2 миллион тажикстандык жашап иштейт дедиңиз. Бул эки миллион эмес, эки миллиондон ашуун биздин жарандар Орусияга бир гана иш издеп барышпайт. 600 миңден ашпаган адам иштегени барат. Калганы Орусия аркылуу башка өлкөлөргө учуп, же окуганы, дарыланганы барып жатышат. Кийинки жылы агым 50 пайызга азаят, анткени жол жабык, ал аркылуу уча албай калышты», — деди тажик президенти.