Рахмон тирүүбү? Орусиялык эксперт Душанбеде олуттуу бир окуя болуп жатат деп эсептейт

Эмомали Рахмон тирүүбү? Орусиялык эксперт Андрей Серенко Душанбеде олуттуу бир окуя болуп жатат деп эсептейт. Ал бул тууралуу пикирин Телеграм каналында жарыялады.

«Эмомали Рахмон тирүүбү? Душанбеден бир канча күндөн бери азырынча айың кепти түрдүү булактардан айтып жатышат. Тажик президенти каза болуп калды делген ушакка расмий да, бейрасмий да тастыктама жок. Булактар Тажикстандын борборунда күч органдарынын кызматкерлери көбөйгөнүнө, укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөнүнө көңүл буруп жатышат. Душанбеде кандайдыр бир олуттуу окуя болуп жаткан көрүнөт. Президенти каза болбосо да, ал катуу ооруп калган болушу мүмкүн», — деп жазат эксперт.

1994-жылдан бери Тажикстанды башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон бүрсүгүнү, 5-октябрда 70 жашка чыгат.

Өткөн аптада соцтармактын кыргыз сегментинде Тажикстандын Кыргызстандын аймагына кол салгандан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон инсульт болуп, каза болду деген маалыматтар пайда болгон.