Учурда рак илдети менен күрөшүп жаткан «Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисенбин кайрылуу жасады. Ал видеону социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
«Силерге, үй-бүлөңөргө мага колдоо көрсөтүп жатканыңар үчүн, колдоо сөздөр үчүн ыраачызылык билдирем. Баарыңарга рахмат. Оорубагыла, мен да айыкканга аракет кылам»,- деди ал.
Казак ЖМКлары Мурат Бисенбиндин расмий өкүлдөрү менен байланышкан. «Уйку безинин рагы менен ооруп жатат. 2-стадияда дешти. Дарыгерлер 8 курс химиотерапиядан өтүшү керектигин айтышты. Төртү артта калды. Азыр чет өлкөдөн дарыланып, операция жасатуу жолдорун издеп жатабыз. Айыгып, көрүүчүлөрдү жаңы долбоорлору менен кубантат”, — деген актёрдун кызы Диана.
Посмотреть эту публикацию в Instagram