Рак илдетине чалдыккан «Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисенбин кайрылуу жасады

Учурда рак илдети менен күрөшүп жаткан «Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисенбин кайрылуу жасады. Ал видеону социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

«Силерге, үй-бүлөңөргө мага колдоо көрсөтүп жатканыңар үчүн, колдоо сөздөр үчүн ыраачызылык билдирем. Баарыңарга рахмат. Оорубагыла, мен да айыкканга аракет кылам»,- деди ал.

Казак ЖМКлары Мурат Бисенбиндин расмий өкүлдөрү менен байланышкан. «Уйку безинин рагы менен ооруп жатат. 2-стадияда дешти. Дарыгерлер 8 курс химиотерапиядан өтүшү керектигин айтышты. Төртү артта калды. Азыр чет өлкөдөн дарыланып, операция жасатуу жолдорун издеп жатабыз. Айыгып, көрүүчүлөрдү жаңы долбоорлору менен кубантат”, — деген актёрдун кызы Диана.