Рак менен күрөшүп жаткан «Рэкетир» тасмасынын жылдызы аны колдогондорго рахмат айтты

Учурда рак илдети менен күрөшүп жаткан «Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисенбин социалдык тармактагы баракчасында аны моралдык жана материалдык жактан колдоп жаткандарга ыраазычылыгын билдирди.

«Мени оору жөн эле жеңип коё албайт. Мунун баарынан өтөм. Дагы бир жолу моралдык жана материалдык жактан колдоп жаткандарга ыраазычылыгын билдирем. Жакындарыңарга ден соолук каалайм», — деди ал.