Рак менен күрөшүп жаткан «Рэкетир» тасмасынын жылдызы: «Оорумду апам билбей эле койсо дегем»

Учурда рак илдети менен күрөшүп жаткан «Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисенбин Динара Сатжанга маек берип, ага коюлган диагнозду уккан соң, жашоого болгон көз карашы өзгөргөнүн айтты.

«Баалуулуктар өзгөрөт экен. Түшүнүктүү болуп калат экенсиң. Мен ооруга чалдыкканга чейин түнт болчумун. Азыр ачык-айрым болуп, сүйлөшүүнү жактырам. Акыркы айларда мага келип, колдоо сөздөрүн айткан адамдарды жолуктурдум. Мени бүткүл дүйнө колдоп жатканын сездим. Америка, Баку, Кавказ, Япониядан жазып жатышты. Апам чалып, «Балам, баары жакшы болот» дегенде, эл колдоп жатса, айыгышым керек деген ойго келдим. Ошондой эле болот деп ойлойм. 

Менин диагнозум менен шишикти алып салууга болбойт экен. Иммунитетти көтөрүү гана керек дешти. 4 ай мурда билгенимде метастаз менен 2-стадияда болчу. Ошол учурда эле дарылана баштадым. 4 жолу химиотерапия алдым. Сегизди алыш керек болчу. Бирок төрттү алган соң, болду дедим. Анткени аны алгандан кийинки абалды баары эле түшүнө бербейт. Азыр башка жол менен дарыланып жатам. Бирок эч ким 100 пайыз айыгат деп кепилдик бербейт. Башка өлкөлөрдө дарылануу тууралуу айтышты, бирок Казакстанда элемин.

Менин ооруп жатканымды апам укпай эле койсо деп ойлодум, себеби жашы өтүп калды. Апам оорумду укканда кайраттуу боло түштү. Баласынын айыгышын күтөт окшойт. Күндө чалат, позитивдүү сөздөрдү айтат», — деди ал.