Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинанын куралдуу күчтөрүнөн туткундалган аскер кызматкерлери менен жолугушууда алардын бирине тапанча алып, өзүн атып салууну сунуштады. Өлкө башчысы менен украиналыктын сүйлөшүүсүнөн үзүндүнү RT-Telegram каналы жарыялады.
«Мен сага тапанча берем, сен ошол жерде өзүңдү атып, баатыр болуп өлөсүңбү?» — деди Кадыров.
Украиналык жоокер Кадыровдун бул сунушунан баш тартты. «Бирөөнү өлтүргөнү чыгат, а өзү өлгүсү келбейт», — деди Кадыров.
«Агенттик» ал Украинадагы дайынсыз жоголгондордун маалымат базасында катталган 22 жаштагы Назар Дорофеевге өзүн атып салууну сунуштаганын аныктаган. Дорофеев 2024-жылдын 12-февралында Авдеевканын жанынан дайынсыз жоголгон. Туткундардын арасында Житомир облусунан 30 жаштагы Дмитрий Силивончик жана Запорожье облусунан 25 жаштагы Максим Иващенко болгон.