Рамзан Кадыров колго түшкөн украиналыкка тапанча алып, өзүн атып салууну сунуштады

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинанын куралдуу күчтөрүнөн туткундалган аскер кызматкерлери менен жолугушууда алардын бирине тапанча алып, өзүн атып салууну сунуштады. Өлкө башчысы менен украиналыктын сүйлөшүүсүнөн үзүндүнү RT-Telegram каналы жарыялады.

«Мен сага тапанча берем, сен ошол жерде өзүңдү атып, баатыр болуп өлөсүңбү?» — деди Кадыров.

Украиналык жоокер Кадыровдун бул сунушунан баш тартты. «Бирөөнү өлтүргөнү чыгат, а өзү өлгүсү келбейт», — деди Кадыров.

«Агенттик» ал Украинадагы дайынсыз жоголгондордун маалымат базасында катталган 22 жаштагы Назар Дорофеевге өзүн атып салууну сунуштаганын аныктаган. Дорофеев 2024-жылдын 12-февралында Авдеевканын жанынан дайынсыз жоголгон. Туткундардын арасында Житомир облусунан 30 жаштагы Дмитрий Силивончик жана Запорожье облусунан 25 жаштагы Максим Иващенко болгон.