Рамзан Кадыров: «Кызыма «хиджабды чеч» деген адамды дароо өлтүрөм»

Чеченстан аялдардын бетин жапкан паранжа кийүүгө каршы, бирок хиджаб кийүүгө каршы эмес. Бул тууралуу республиканын башчысы Рамзан Кадыров билдиргенин Орус ЖМКлары жазды. 

«Ким менин кызыма хиджабыңды чеч деп айтса, мен аны дароо өлтүрөм. Ким болсо ошол замат атып салам. Бул душман, менин жеке душманым, исламдын душманы», — деди Кадыров.

Анын айтымында, Чеченстанга көптөгөн коноктор келет, бирок республиканын жетекчилиги алардын кийимине маани бербейт, ага өзүнүн жашоочуларынын кийими маанилүү.