Рамзан Кадыровдун 22 жаштагы кызы маданият министри болуп дайындалды

Рамзан Кадыровдун 22 жаштагы кызы Чеченстандын маданият министри болуп дайындалды. Бул тууралуу орус ЖМКлары жазып чыгышты. 

«Чечен Республикасынын маданият министринин жооптуу кызматында өз ишинде мындан да маанилүү жыйынтыктарга жетет жана коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарат деп ишенем», — деп жазды республикалык парламенттин спикери Магомед Даудов. 

Бир жылга жетпеген убакыт мурда Айшат Кадырова Чеченстандын маданият министринин биринчи орун басары болгон. «Айшаттын келиши менен министрликтин иши ого бетер динамикалуу болуп калды. Бул аймактын маданий жашоосуна өзгөчө салым кошту», — деп жазган ага жолду бошоткон министр Хож-Бауди Дааев. Ал эми ордун бошоткон министрдин кайсы кызматка барары азырынча белгисиз.