Рамзан Кадыровдун кызы Чеченстандын вице-премьери болот. Ал 24 жашта

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун улуу кызы, республиканын маданият министри болуп иштеген Айшат Кадырова Чеченстандын өкмөт башчысынын орун басарлыгына дайындалат.

Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram-каналында билдиргендей, ал 2-октябрда өкмөттө жыйын өткөрүп, Чечен Республикасынын өкмөтүнүн төрагасынын жана Чечен Республикасынын парламентинин төрагасынын отчетун уккан. 

«Жолугушууда Муслим Магомедович Чечен Республикасынын Маданият министри кызматын аркалап келген Айшат Кадырованы Чечен Республикасынын өкмөтүнүн төрагасынын социалдык блок боюнча орун басары кызматына дайындоо сунушун киргизди. Мен сунушун колдодум», — деп жазат Кадыров.