Рамзан Кадыровдун дагы бир кызы жогорку кызматка дайындалды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун экинчи кызы Хадижат Чеченстандын башчысынын администрация башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. 

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Хадижат Кадырова Социалдык блок менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Бул кызматка Кадырованы дайындоону Чеченстандын башчысынын жана өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси Галас Таймаханов сунуштаган. 

Хадижат Кадырова Рамзан Кадыровдун экинчи кызы. Грозный-Информ билдиргендей, ал 2000-жылы 17-январда төрөлгөн.