Режеп Тайип Эрдогандын айлыгы канча экени айтылды

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Түркиянын Улуу улуттук жыйынында 2023-жылдын бюджети боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, президент Режеп Тайип Эрдогандын айлык маянасын ачыктады. 

«2022-жылдын экинчи жарымында 2023-жылга накталай акчанын өсүшү болгон жок. Президентибиздин 2022-жылдын бюджетиндеги таза айлыгы болгону 66 445 түрк лирасын (3 565 доллар) түзөт. Ошол күндөн бери президенттин айлыгы көтөрүлгөн жок», — деди вице-президент.