Республикалык штаб: Түркия өлкөгө кирүү талабын күчөттү

Түркия өлкөнүн аймагына кирүү талабын күчөттү, тагыраагы мындан ары коронавируска тапшырган тестте аталган илдет жок деген жыйынтыкты көрсөтүү милдеттүү болот. Бул тууралуу маалыматты Республикалык штабдан таратышты.

Түркияга 28-декабрдан тарта учак менен келген, 30-декабрдан тарта унаа менен келген ар бир жүргүнчү соңку 72 саат ичинде тапшырылган коронавируска тапшырган тестте аталган илдет жок деген жыйынтыкты көрсөтүүсү керек. Мындай талап киргизилгенин аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреддин Кожа билдирип, жогорудагы чара 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болорун эскертти.

Эгерде Түркияга бара жаткан адамдын колунда тесттин жыйынтыгы жок болсо, анда аталган мамлекеттин аймагына кирүүгө тыюу салынат.