«Барселонанын» мурдагы футболчусу Жерар Пике менен анын сүйлөшкөн кызы Клара Чианы ресторанда тартылган чуулгандуу видеону миллиондогон көрүүчү көргөнүн Tengri Lifestyle басылмасы жазды.
«Шакира менен болгон чыр-чатак жөнгө салынып, абал тынчып калгандай сезилди, анан эле Пике менен Клара Чиа кайрадан жаңылыктарга чыкты. ТикТокто экс-футболчуну жана анын сүйлөшкөн кызын ресторандан кууп чыккан видео жарыяланды», — деп жазылат басылмада. Кырдаал боюнча «Сыягы, ресторандын ээси колумбиялык ырчынын күйөрманы болсо керек» деп түшүндүрүлгөн.
Пике менен Шакира 2011-жылдан бери мамиледе, жубайлардын эки баласы бар: уулдары Милан жана Саша. 2022-жылдын июнь айында Шакира ажырашып кеткенин жарыялаган. Буга чейин колумбиялык аткаруучу сүйүүсү тууралуу айтып, анын күйөрмандары Клараны коркутуп жатышкан.
They throw Clara Chía and Gerard Piqué out of a restaurant because the owner is a fan of Shakira |VIDEOhttps://t.co/1ne0vE6XR7#EntertainmentNews pic.twitter.com/ugfWSfSaN6
— NowMyNews (@NowMyNews) February 21, 2023