«Ресторандын ээси Шакиранын күйөрманыбы?». Пике менен жаңы сүйлөшкөн кызы ресторандан кууп чыгышкан

«Барселонанын» мурдагы футболчусу Жерар Пике менен анын сүйлөшкөн кызы Клара Чианы ресторанда тартылган чуулгандуу видеону миллиондогон көрүүчү көргөнүн Tengri Lifestyle басылмасы жазды.

«Шакира менен болгон чыр-чатак жөнгө салынып, абал тынчып калгандай сезилди, анан эле Пике менен Клара Чиа кайрадан жаңылыктарга чыкты. ТикТокто экс-футболчуну жана анын сүйлөшкөн кызын ресторандан кууп чыккан видео жарыяланды», — деп жазылат басылмада. Кырдаал боюнча «Сыягы, ресторандын ээси колумбиялык ырчынын күйөрманы болсо керек» деп түшүндүрүлгөн. 

Пике менен Шакира 2011-жылдан бери мамиледе, жубайлардын эки баласы бар: уулдары Милан жана Саша. 2022-жылдын июнь айында Шакира ажырашып кеткенин жарыялаган. Буга чейин колумбиялык аткаруучу сүйүүсү тууралуу айтып, анын күйөрмандары Клараны коркутуп жатышкан.