Рим папасы Франциск каза болду. Бул тууралуу AFP жазды. Ал 88 жашта болчу.
Февраль айынын ортосунда Рим папасы Франциск бронхит оорусу менен ооруканага түшкөн. Кийинчерээк анын абалы бир топ начарлап кеткен – ага эки тараптуу пневмония диагнозу коюлуп, бир нече жолу жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.
23-мартта Франциск 38 күн ооруканада жаткандан кийин Ватиканга кайтып келген. 20-апрелде Пасха майрамына карата сөз сүйлөгөн.