Римдеги Треви фонтанынан 33 тонна тыйын чогултулду (видео)

Римдеги Треви фонтанынан туристтер ыргыткан тыйындар чогултулду. Ал 1,6 миллион еврону түзгөн. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

2022-жылы бул сумма 1,4 миллион еврону түзгөн. Фонтандагы тыйындарды Acea электр компаниясынын кызматкерлери жумасына үч же андан көп жолу чогултушат. Туристтер көп болгон учурда тыйындар күн сайын алынат. 

Фонтандан евро эле эмес, доллар, фунттар да чыгарылат. Чет элдик валюталар евродон бөлүнүп, анан алмаштырылат. 2023-жылы табылган монеталардын салмагы 33 тоннаны түзгөн.

Тревиден түшкөн каражат жыл сайын каржылык кыйынчылыктарга дуушар болгондорго жана Альцгеймер оорусунан жапа чеккендерге жардам берүү үчүн колдонулат.