Кичинекей казакстандык баланын атасы рингде мушташып жатканда трибунадан ыйлап, кыйкырып колдоп жаткан видеосу интернетке тарады. Бул тууралуу Tengri Sport жазды.
Маалыматка караганда, баланын атасы мушкер Жеңисбек Уразов Атырауда бокс боюнча жергиликтүү турнирде атаандашы менен мушташкан. Ал эми уулу атасын трибунадан колдоп турган. Видео жарыялангандан кийин үй-бүлөнүн колдоосу жакшы нерсе экенин, ата менен баланын ортосундагы жакшы көрүү жүрөктөрүн элжиреткенин жазышкан.
Ошондой эле, баланын атасынын атаандашы да видеого реакция кылган. «Кечир, балам, мен аны урбасам, ал мени урат, бирок сенин атаң баатыр!» – деп жазган мушкер Айбек Ильясов.
Беттеш 18-январда болгон. Социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, мушташта баланын атасынын атаандашы болгон Айбек Ильясов жеңип чыккан.