Rolex сааттарынан улам Перунун президентинин үйүндө тинтүү жүрдү

Перунун президенти Дина Болуартенин үйү жана анын резиденциясы «Rolex иши» боюнча тинтүүгө алынды. Кеп кымбат сааттардын декларацияланбаган коллекциясы жөнүндө болуп жатат. Сот тинтүүгө уруксат берген. 

«Rolex иши» боюнча тинтүү жүргүзүү үчүн прокурорлор резиденцияга саат 4:29да барышкан. Прокурорлордун бири журналисттерге «Баары жашыруун болот, кийин прокуратура эмне аныктаганын жарыялайт» деди.

Марттын айынын ортосунда La Encerrona порталы 10 миңге жакын фотосүрөттөрдү талдап чыккандан кийин президентте кымбат баалуу сааттардын коллекциясы, анын ичинде Rolex бар экенин билдирген. Маалыматтарга караганда, президентте кымбат баалуу 14 саат бар. Алардын ар биринин баасы 6 миң доллардан 14 миң долларга чейин турат. Бул өлкө башчысынын айлыгынан кыйла жогору баа.

Президент өзү анын Rolex сааттары бар экенин танган жок жана бул анын эмгегинин жемиши экенин кошумчалады. «Мен 18 жашымдан бери иштеп келе жатам жана менде болгон нерсе – менин аракетимдин жана эмгегимдин натыйжасы», — деген ал.