Роналду Инстаграмдагы эң популярдуу аккаунттун ээси болду

Португалиялык футболчу, италиялык «Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Инстаграмдагы 250 миллион катталуучуга ээ болгон дүйнөдөгү биринчи адам болду. Жазылуучулардын саны боюнча ал бир гана Инстаграм социалдык тармагынын расмий аккаунтунан артта. Аталган социалдык тармактын расмий аккаунтуна 383 миллион колдонуучу жазылган.

Криштиану Роналду 2020-жылдын июнь айында биринчи миллиардер футболчу болгон эле. Forbes журналынын версиясы боюнча, Роналду 17 жылдык карьерасында 650 миллион доллар тапкан. Португалиялык спортчунун калган кирешеси жарнамалык келишимдерден түшкөн. «Ювентус» менен учурдагы келишимге ылайык, 35 жаштагы Роналду жалпысынан 765 миллион долларга ээ болот. «Спортинг», «Манчестер Юнайтед» жана «Реал Мадрид» клубдарында дагы ойногон Криштиану Роналду үч өлкөдөгү чемпиондукту утуп, беш жолу «Алтын топту» жеңип алган. Португалия курама командасы менен Роналду Европа чемпионатын жана Улуттар Лигасын жеңип алган.