Роналду жеке учагын 20 миллион еврого сатып жатат

Криштиану Роналду менен Жоржина Родригес жеке учагын сатыкка коюшту. ЖМКлардын маалыматына караганда, түгөйлөр 20 миллион еврого бааланган кымбат Gulfstream G200 учагын жактырбай калган сыяктуу.

Криштиану менен Жоржина бизнес жана жеке каттамдар үчүн колдонгон учак Netflix сервисинде жарыяланган «Я Жоржина» сериалында көрсөтүлгөн. Жубайлар чоңураак учак алгылары келгендиктен учакты сатууну чечишкен.

Криштиану Роналду менен жубайы учурда Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда жашашат. Португалиялык футболчу «Аль-Насрга» өткөндөн кийин жылдыздуу түгөй Жакынкы Чыгышка көчүп кетишкен.